Курманкул Зулушев башкы прокурор болуп дайындалды

Курманкул Зулушев башкы прокурор болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду. Буга чейин Жогорку Кеңеш Зулушевдин талапкерлигин 83 депутаттын макулдугу менен бекитип берген.

Кечээ, 21-октябрда Өткүрбек Жамшитов башкы прокурорлуктан өз арызы менен отставкага кеткен эле. Курманкул Зулушевдин аталган кызматка талапкерлиги президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров тарабынан көрсөтүлгөнүн өзү билдирген. “Башкы прокуратура мындан ары саясий мотив боюнча кылмыш иштерин козгобойт жана куугунтукка алуу менен алектенбейт. Мен коррупция жана криминалга каршы күрөшөм” деген Зулушев бир нече убада берүүгө жетишкен болчу.

Кыскача жаңы башкы прокурордун өмүр таржымалына токтолсок. Зулушев 1970-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Комсомол айылында туулган. Билими – жогорку. 1998-жылы Ош Мамлекеттик университетин юрист адистиги боюнча окууну бүтүргөн.

Эмгек ишмердүүлүгүн 1987-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы “Ак-Жар” совхозунда жумушчу катары баштаган. 1988-1999-жылдары Ош технологиялык университетинин мугалими, декандын орун басары болуп иштеген. 2000-2007-жылдары Нарын, Кочкор, Жайыл, Сокулук районунун прокуратурасында эмгектенген. 2007-2013-жылдары Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы, 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары болгон. Бул кызматынан ал Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго карата бийликти басып алуу аракети кылмыш иши боюнча актоо чечимин чыгарганы үчүн кол жууп калган. 2015-жылы Жогорку Кеңешке “Республика-Ата-Журттан” депутат болуп шайланып келген. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.