Курсан Асанов үй камагына чыгарылды

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кечээ, 4-ноябрда үй камагына чыкты. Бул тууралуу жактоочусу журналисттерге маалымдаган. Адвокаттын айтымында, бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүү тууралуу өтүнүч менен Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна Башкы прокуратура кайрылган. «Прокурорлор өз өтүнүчүндө Асанов балдары, үй-бүлөсү бар адам экенин, туруктуу жашаган жери бар экенин, качып кетпей турганын белгилеген», — деген жактоочу.

Курсан Асанов 5-9-октябрдагы Бишкекте орун алган башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш иштери боюнча 10-октябрда кармалган.