Курсан Асанов камакка алынганы жатабы? Адвокатынын жообу

Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асанов камакка алынганы жатат. Бул тууралуу анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирди.

Анын айтымында, Асанов ИИМ тарабынан суракка бүгүн эртең менен чакырылган. Мурунку орун басар жактоочусу жок суракка алынган.

«Мен башка сот отурумда жүргөндө Курсан Асанов мага телефон чалды. Маалым болгондой, ал нөөмөттө турган жактоочунун катышуусунда суракка алыныптыр. Иш 2020-жылдын 5-6-октябрындагы башаламандыкка байланыштуу», — деди Токтакунова.

2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодон кийин Бишкекте башаламандык болуп, бийликтин алмашуусуна алып келген. Бул иш боюнча мурунку президент Алмазбек Атамбаев, мурунку ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, парламенттин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, президенттик администрациянын мурунку башчысы Фарид Ниязов суралып жатат.