Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен анын уулуна козголгон кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилди. Бул тууралуу жактоочу Таалайгүл Токтакунова SEREP MEDIA маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Курсан Асановдун уулу Мухаммед-Али Асановго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылган. «Курсан Асановдун уулу кайтып келди, ага козголгон кылмыш иши атасынын иши менен бир өндүрүшкө бириктирилди. Ал камакта эмес. Учурда ал эч жакка кетпөө жөнүндө тил каты менен бошотулду. Менин оюмча, бийликтин мындай иши акылга сыйбайт. Мурунку бийликтин тушунда биз балдарды жана үй-бүлө мүчөлөрүн куугунтуктоого жол берилбейт деп айтканбыз. Бирок учурдагы бийлик куугунтуктоолорду улантып жатат», — деди Таалайгүл Токтакунова.
Ошондой эле жактоочунун айтымында, бүгүн, 31-мартта саат 14:00дө Бишкек шаардык сотунда Курсан Асанов менен анын жогоруда айтылган баласы экөөнүн бириктирилген иши каралат.
7-8-август окуяларынан кийин Мухаммед-Али Асанов издөөдө жүргөн. Тергөөнүн версиясы боюнча ал үйүнөн далилдөөчү документтерди жана башка кылмыш ишиндеги маанилүү нерселерди алып кеткен. Ал эми Курсан Асанов имаратты жана мекемени басып алуу беренеси боюнча айыпталып, 26-январда кармалган. Ал 2020-жылдын 5-9-октябрындагы Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, камакка алынган.