Курсан Асановдун жубайы сурак учурунда эсин жоготту. УКМК буга карата эмне дейт?

“Мага Курсан Асанов өзү анын жубайы сурак учурунда эсин жоготконун жана 11-январдан бери ооруканада жатканын айтып берди”. Бул тууралуу маалыматты экс-депутат Феликс Кулов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү. “Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун  жубайына ооруканада мээсине кан куюлуп кеткен деген болжолдуу диагноз коюлган. Ал суракка өткөн аптанын ишемби жана жекшемби күндөрү чакырылган. Адвокат жок болгонуна байланыштуу суракты дүйшөмбү күнгө жылдырууну сурашкан. Ал күнү да жактоочу бошобой калган, бирок тергөөчү суракка келүүсүн айткан. Учурда аялга карата жактоочу жок учурда психологиялык кысым көрсөтүлгөн деп туугандары болжолдошууда”, — деп жазылат Куловдун билдирүүсүндө.

Жогорудагы окуя боюнча УКМК маалымат таратты. Ага ылайык, 11-январда суракка чакырылган жаран тергөө аракеттерине чейин эле өзүн начар сезе баштаган. “Мындан улам, УКМКнын аскердик-медициналык кызматынын дарыгерлери чакырылып, кийин алардын коштоосунда ооруканага жеткирилген”, — деп жазылат маалыматта.

Өткөн аптада президенттикке талапкер болгон Курсан Асановдун жубайы Күлнара Үсөнканова ири суммадагы алдамчылык фактысы боюнча шектелип жатканы маалымдалган.