Курсанбек Бекташов УКМКнын Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары кызматынан бошотулду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары – Башкы штабдын начальниги Бекташов Курсанбек Урбаевич ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.