Куудул Жылдызбек Абдраимов шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болду

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Жылдызбек Абдраимов Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Бишкек шаардык кеңештин чечими менен «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Жылдызбек Абдраимов шаардык кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиевдин экинчи орун басары болду. Ал коомчулукка «Жоролор» тобунун жетекчиси, акын, куудул катары таанылган.

Мыйзамга ылайык, шаардын жашоочулары 20 миңден ашык болсо, шаардык кеңештин төрагасы эки орун басар алууга укуктуу.