Куудул Жамбылбек Камчиев президенттикке аттануу үчүн БШКга арыз тапшырды

Президенттикке талапкерлигин койгондордун саны дагы да өсүүдө. Тагыраагы, куудул Жамбылбек Камчиев президенттикке аттануу үчүн Борбордук шайлоого комиссиясына арыз тапшырды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле, кечээ, 12-ноябрда Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык интернатынын жетекчиси Элеонора Турдубекова жана мурдагы депутат Бактыбек Калмаматов президенттикке талапкерлигин коюу үчүн  арыз тапшырганын айтканбыз.

Ал эми буга чейин президенттикке талапкерлигин коюу үчүн арыз тапшырган саясат таануучу Бакыт Бакетаев кайра арызын кайтарып алды. Мунун себебин ал Садыр Жапаровдун аткарган иши купулуна толгондугу менен түшүндүргөн.