“Куудулдардын концертинде Садыр Жапаровго каршы үгүт жүргүзүлүп жатат” деген даттануу түштү

БШКнын координациялык тобуна “Куудулдардын концертинде Садыр Жапаровго каршы үгүт жүргүзүлүп жатат” деген маалымат келип түшүп, териштирүү иштери башталды. Маалымат Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев тарабынан берилген.

Анын айтымында, УКМКнын аймактык башкармалыгы Өзбек драм театрында болуп өткөн “Оңолмок элек биз качан, ордодо турса үч пахан” деген аталыштагы концерт боюнча кат жөнөткөн. Ага куудулдар Рахман Разыков, Абдылда Иманкулов жана Нарын Молдобаев катышкан.  Концерттин сценарийинде президенттикке талапкер Садыр Жапаровго каршы үгүттөөгө багытталган аракеттердин белгилери байкалат деп жазылат.

Жумушчу топтун мүчөлөрү тийиштүү материалдарды Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратурага жөнөттү.