КУУнун проректору: «Жогорку Кеңештин депутаты Фархат Исмаиловго биздин диплом берилген эмес»

Архивдик документтерди жана буйруктарды текшерүүнүн негизинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Фархат Исмаиловго диплом бербегени белгилүү болду. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар тарбия иштери боюнча проректор Бекжан Темировго шилтеме берип жазышты.

Анын айтымында, 2006-жылы «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистиги боюнча студенттердин өздүк курамы боюнча буйруктарда Исмаилов көрсөтүлгөн эмес. «Исмаиловдун наамына диплом берилген эмес. Андай диплом такыр жок», — деген проректор.

Буга чейин УКМК БШКга Жогорку Кеңештин 2 депутатынын диплому тууралуу маалымат берген. Алар — Фархат Исмаилов («Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы) жана Фарходбек Алимжанов («Альянс» фракциясы). Бирок Фарходбек Алимжанов диплому жасалма деп таратылган маалыматты калп деп, жогорку билимди кайсы жактан алганын жана керектүү документтерди кошо жарыялаган. Ал эми Фархад Исмаилов үн ката элек болчу.