«Кворум жок». Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өткөн жок

Бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулушу керек болчу. Бирок кворум жок жыйналыш өткөн жок.

Каттоодон 5 гана депутат өткөн. Жогорку Кеңештин төрайымынын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева депутаттарды 30 мүнөт күткөн соң, кезексиз жыйын болбой турганын айтты. Жыйында Жээнбеков менен Зулпукаровду жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн комиссия түзүү каралмак.

20-октябрда парламентте үгүт учурунда каникулга кетүү боюнча маселе каралган болчу. Бирок жыйында пикир келишпестиктер жаралган. Айрым депутаттар 1 айга каникул болушу керек, буга мыйзам жол бербесе да, моралдык жактан туура эмес болуп каларын айтып, жетинчи чакырылышка ат салышып жаткан депутаттар парламенттин трибунасын жеке пиар үчүн колдонбошу үчүн каникул жарыялоо сунушун колдошкон. Бирок айрым талапкерлер бул демилгеге каршы чыгышкан. Акыры 49 депутаттын добушу менен каникул болбой турганы чечилген болчу