Кворум топтолгон жок. Жогорку Кеңештин жыйыны эртеңкиге жылдырылды

Бүгүн, 6-январда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, бирок кворум топтолбой, жыйын эртеңкиге жылдырылды. Анда Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүү чечилмек.

Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн чет жерде колдонуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу керек. Баш мыйзамдын 11-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жиберүүнүн ар бир учуру боюнча уруксат Жогорку Кеңеш тарабынан депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Мындайча айтканда, ЖККУнун чечимин колдоо үчүн кеминде 60 депутаттын макулдугу керек.

Бүгүн, 6-январга караган түнү ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Казакстандын президентинин кайрылуусуна байланыштуу аталган өлкөгө тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечилгенин билдирген. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү башаламандыкты террористтик коркунучка теңеген.