«Күчтүү парламент болгон жерде стабилдүүлүк болот». Мурдагы төрага Медеткан Шеримкулов депутаттарга кайрылды

«Эң негизги орган бул парламент, анын ролун силер туура эмес түшүнүп жатасыңар», — деди парламенттин экс-спикери Медеткан Шеримкулов Жогорку Кеңештин жыйынында.

Шеримкулов 7-чакырылыштагы депутаттарга кайрылуусунда парламент жок мамлекет болбой турганын айтты. «Бийликтин үч бутагынын ичинен эң маанилүү орган — бул мыйзам чыгаруу бийлиги, президент болобу, өкмөт болобу, алар сиздер чыгарган мыйзамдардын негизинде иштешет», — деди Шеримкулов.

Экс-спикер белгилегендей, күчтүү парламент болгон жерде стабилдүүлүк болот. «Аткаруу бийлиги канчалык күчтүү болсо да, маселени күч менен чечүүгө аракет кылса да, эл менен депутаттардын ортосунда бекем мамиле бар, бир баш жакшы, бирок 90 баш андан да жакшы», — дейт Шеримкулов.

«Буга чейин бул залда парламент, президент, өкмөт башчылары жыйынга катышкан. Эмнеге? Биз жаңы мамлекет куруп жатканыбызды түшүнүп, ал мамлекетти бутуна тургузуш үчүн аракет кылышыбыз керектигин билчүбүз. Биздин аракетибиз, ойлорубуз, максаттарыбыз бир болчу. Бул жерде мыйзамдар кабыл алынбай калганда президент өзү чыгып, депутаттарга бул мыйзам эмне үчүн маанилүү экенин түшүндүрчү. Өкмөт, министрлер, премьер-министрлер түшүндүрүштү. Ошондо парламент, өкмөт, президент бир болуп иштешти – демек, өлкөнү бутуна тургузууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. 3 революция өттү, коркунучтуу учурлар болду, сабак болду. Бирок мамлекет болбойт деген ой ишке ашкан жок. Мамлекетти көтөрүү, экономиканы көтөрүү, стабилдүүлүккө келүү керек, бул жерде отурган депутаттар Кыргызстанды гүлдөп-өнүккөн, бактылуу өлкөгө айлантат деп ойлойм. Иш боюнча сизди урушат, калыстык менен сындашат, бирок эң кызыгы башкада: сизге ишеним артып, депутат кылып шайлайт – бул эң башкысы», — деди Медеткан Шеримкулов.