Садыр Жапаровдун «Кабар» сайтына берген кезектеги маеги жарыяланды. Анда ал Алтынбек Сулаймановдун кызматтан кетүүсү тууралуу пикирин билдирди.
— Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүңүз, бир эмес, төрт министр өз каалоосу менен кызматын тапшырып кетти. Айрымдар муну чөгүп бараткан кемеден качуу катары баалашууда. Бул кадрдык жүрүштөр эмнени түшүндүрөт?
— Төрт министрди мен өзүм алмаштырдым. Өзүңөр дайыма айтып жүрөсүңөр го, айлана- тегерегиңди тазала деп. Ишти тарта албай жаткан министрлерди алмаштырам. Пара алгандарды, мамлекеттин акчасын уурдагандарды каматам. Кыскасы эч кимди аямай жок. Министр болуп келдиңби, мамлекет үчүн, эл үчүн иште! Уурдаба! Напсиңди тыя албайсыңбы, министр болбой эле кой!
Ал эми Алтынбек Сулайманов реформага шылтабай жөн эле кетип калса болмок. Бир дагы жолу мамлекеттик кызматта иштебеген киши дароо бир облустун башчысы болуп барып калып кыйналды окшойт. Жергиликтүү бийликти реформа кылыш үчүн долбоорлор даярдалыш керек да. Жөн эле ой келди жасап салгыдай мамлекет мал сарай эмес да. Долбоорлор даярдалып жатат. Айтып коюш оңой. Практика жүзүндө ишке ашырыш кыйын.
Кыскасы, иштей албай жаткан кадрлар мага дапдаана көрүнүп турат. Иштей албагандарын көпкө күтпөй алмаштырып атам. Мындан трагедия кылыштын кереги жок. Өкмөттүк иш ушундай болот. Түбөлүк эч ким министр болбойт. Кан алмашуу сыяктуу тез-тез алмашып турат дегендей.