«Күйүүчү майдын гана акчасы төлөндү». Садыр Жапаровдун Нью-Йоркко жеке учак менен акысыз барып келгени маалымдалды

Президенттин маалымат катчысы Садыр Жапаровдун Нью-Йоркко жеке учак менен барып келгени тууралуу түшүндүрмө таратты.

«Бул иш сапар башталганда кызуу талкууланган теманын бири президенттин учагы болду. Ушуга байланыштуу, айрым тактоолорду киргизип кетким келет. Жылдын башында сиздерге Кыргызстан чет элдик сапарлар үчүн жаңы учак сатып аларын билдиргем. АКШга Bombardier Global Express XRS учагы менен акысыз, тесттик режимде барып келдик. Кыргыз тарап болгону күйүүчү май менен камсыздады.

Эгер кыргыз тарапты бардыгы канааттандырса, анда бул учакты лизингге сатып алуу тууралуу макулдашылган. Учак “№ 1 борт” катары чет өлкөлүк сапарларга чакан делегация менен чыгууга пайдаланылат. Бул учактын чыгымдары учурда колдонуудагы ТУ-154кө караганда өтө аз, үнөмдүү келет. Анын үстүнө ТУ-154 күйүүчү майды көп сарптаганы аз келгенсип, эскилигинен улам Европага, Америкага жете албайт. Учуу мөөнөтү дагы түгөндү. Азыркы учурда Bombardier Global Express XRS учагын лизингге сатып алуу боюнча акыркы чечим кабыл алына элек», — дешти.

Буга чейин президент Садыр Жапаров жеке бизнес-жет менен Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясына катышуу үчүн АКШга учуп кеткени, мындай учакты ижарага алуу саатына 6400 евродон жогору турары да маалым болгон.