Күйүүчү май, ун, өсүмдүк майын арзандатуу мүмкүнбү? Акылбек Жапаровдун жообу

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында президент сунуш кылган Министрлер кабинетинин курамы каралып жатат. Жыйындын жүрүшүндө депутат Шайлообек Атазов кымбатчылык күчөп жатканын айтып, «күйүүчү май, ун, өсүмдүк майынын баасын түшүрүү мүмкүнбү?» деген суроо берди.

«Кымбатчылык күчөп жатат. Алып-сатарлар каалагандай бааны коюп жатышат. Сизди президент бул жакка кризис менеджер катары алып келди. Жок дегенде ун, май, күйүүчү майдын баасын түшүрсө болобу?» — деди депутат.

«Булардын баары биржалык товар. Колубуздан келгендин баарын жасап жатабыз. Дагы 220 миң тонна бензинди пошлинасы жок Орусиядан алып келе турган болсок, баалары турукташат. Мындан ары көзөмөлдөөгө аракет кылабыз. Бирок колунда жокторго жардам беребиз. Баанын өсүшүн токтотобуз дегенди айта албайм», — деди Акылбек Жапаров.