Шыкмаматов: «1 литр күйүүчү майдан 1 сомдон алынса, транспорт салыгын алып салуу керек»

Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов күйүүчү майдан бир сомдон алынса, транспорт салыгын алып салуу керек деген пикирин айтты.

Эл өкүлү Марлен Маматалиев Салык кызматынын төрагасына «Күйүүчү май үчүн литрине 1 сомдон салык  алынса, анда ал жерде кош салык болуп калбайбы? Анткени транспорт салыгы деген бар да?» деген суроо салды.

«Транспорт салыгы жолду оңдоо үчүн алынышы керек. Бирок ал жергиликтүү бюджетке түшүп, акимчилик жол оңдомок беле? Башка жакка кетип калып жатпайбы. Ал эми күйүүчү майдын литринен бир сомдон алынса, ал Жол фондуна түшөт. Ошондо натыйжалуу болот. Унааны канча айдаганга жараша төлөнөт. Мындай учурда кош салык болбошу үчүн транспорт салыгын алып салуу зарыл», — деди Шыкмаматов.

1-январдан тарта өлкөдөгү жолдорду оңдоо үчүн күйүүчү майдын литрине 1 сомдон төлөнөт. Каражат түз Жол фондуна түшөрү айтылган.