Кылычбек Султан: «Былтыркы жылдан бери баалар эки эсеге өстү»

«Кымбатчылык болуп жатат. Былтыркы жылдан бери баалар эки эсеге өстү. Айрым элге керектүү товарлардын баасы эки эседен да көп жогорулады». Бул тууралуу мурдагы элчи Кылычбек Султан СуперТВ телеканалындагы Октябрь окуяларына байланышкан эфиринде билдирди. Анда ал журналисттин «бир жыл ичинде элдин жашоосу оңолдубу?» деген суроого жооп узатты.

«Жок. Тескерисинче элдин жашоосу начарлап бара жатат. Бизнес жүргүзүү татаалдашууда, мисалы, электр энергиясы жок болсо, кайдагы бизнес болот? Токтогул суу сактагычындагы суу заматта эле азайып калган жок, анын азайышы балким бир жыл же үч жыл мурда эле белгилүү болгондур.

Кымбатчылык болуп жатат. Былтыркы жылдан бери баалар эки эсеге өстү. Айрым элге керектүү товарлардын баасы эки эседен да көп жогорулады. Элдин чөнтөгү жукарып, негизги тамак-аш менен камсыз кылуусу начарлап жатат. Анысы аз келгенсип, дагы кымбатчылык болот дешүүдө. Ошол эле электр энергиясынын, жылуулуктун тарифи көтөрүлөт дешти», — деди Кылычбек Султан.