«Күндө арак ичип, ишке мас келет». Садыр Жапаров Чүй облустук сотунун төрагасынын бутуна тура албаган видеосун көрсөттү

Президент Садыр Жапаров Сот жана укук коргоо органдарынын ишин өнүктүрүү боюнча кеңештин мүчөлөрүнө Чүй облустук сотунун төрагасынын мас абалындагы видеосун көрсөттү. Биринчи жолугушуунун ишин жыйынтыктап жатып, Садыр Жапаров кошумча убакыт сурады. «Видеону бергилечи»,— деди ал. Көзөмөлдөө камерасынан алынган видео мониторлорго көрсөтүлдү. Анда бир адам коридордогу дубалга жөлөнүп, андан кийин акырын ордунан туруп, ачкыч менен эшикти ачууга аракет кылат. Кыязы, ал мас абалында болгон.

«Ким экенин тааныдыңызбы?» — деди президент Жогорку Соттун төрайымына.

«Чүй облустук сотунун төрагасына окшошуп жатат», — деп жооп берди Бакирова.

«Сиз туура тааныдыңыз анда», — деди Жапаров.

«Биз бир топ убакыттан бери мыйзамдарды, кодекстерди иштеп чыгып, жаңы Конституцияга ылайык келтирели, реформаларды жүргүзөлү, сот системасында адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту орнотолу деп жатабыз. Анан ушундай сотторубуз, өзүлөрү оңолбосо, мыйзамдарды алтын тамга менен жазып койсок да, мындай соттор менен реформанын аягына чыга албайбыз. Бул төрага күндө арак ичип, мас келет экен. Ошондуктан төрайым, тазаланыңыздар, тез арада чакырып туруп, соттук кеңештин жыйынына салыңыз», — деди президент.