«Кыргыз алтындын» төрагасы болуп Умбеталы Кыдыралиевдин ордуна Жарасул Абдураимов дайындалды

Бүгүн, 11-апрелде «Кыргыз алтын» ачык акционердик коомунун башкаруусунун төрагасы болуп Умбеталы Кыдыралиевдин ордуна Жарасул Абдураимов дайындалды. Аны ишкананын жамаатына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тааныштырды. Бул тууралуу «Кыргыз алтын» ААКсынан билдиришти.

Аталган кызматка Кыдыралиев өткөн жылдын август айында келген болчу. Ал эми Абдураимов ишкер жана «Ишеним» партиясынын саясий кеңешинин төрагасы катары таанымал. 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалган. 2021-жылдын июль айында экономика министринин орун басары болгон. Ал экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин бир тууган иниси.

Жарасул Абдураимовдун өмүр баяны:

Абдураимов Жарасул Осмоналиевич 1960-жылы Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган. Үй-бүлөлүү. Эки кыз, бир уулдун атасы. Свердловскийдеги Киров атындагы Урал политехникалык институтун “электрондук жабдуулардын инженер-механиги” адистиги боюнча бүтүргөн.

1990-жылдардан тарта өлкөдөгү ири заводдорду жетектеген. 2013-жылдын сентябрынан 2015-жылдын апрелине чейин “Кумтор Голд Компани” ЖАКта эмгектенген. Директордун жергиликтүү камсыздоону өнүктүрүү боюнча орун басары, ошондой эле ”Ысык-Көл облусунда өнөр жайды өнүктүрүү жана жумушчу орундарды түзүү” долбоорун жетектеген. Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин Техникалык жөнгө салуу башкармалыгынын башчысы кызматтарын аркалаган. Азия өнүктүрүү банкынын “Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү — мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу жана тобокелдиктерди жоюу” долбоорунда Кыргызстандын өнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча эксперт болуп иштеген. 2019-жылдын май айынан сентябрь айына чейин экономика министринин коомдук башталышта кеңешчиси болгон. Ушул жылдын башталышынан азыркы кызматына дейре  “Кыргызиндустрия” ААКсын жетектеп келген.