Кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүүгө кайсы депутаттар каршы? Тизме

Бүгүн, 6-январда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, бирок кворум топтолбой, жыйын эртеңкиге жылдырылды. Анда Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүү чечилмек.

Бул аралыкта айрым депутаттар кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүүгө каршы экендигин билдирип жатышат. Алар: Дастан Бекешев, Исхак Масалиев, Камила Талиева, Орозайым Нарматова, Элмурза Сатыбалдиев, Эмил Токтошев.

Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиев бүгүн жыйынга кирип бара жатып, журналисттерге өз позициясын билдирди. «Казакстанга тынчтык орнотуучуларды жөнөтпөшүбүз керек деп эсептейм, мен каршымын. Бул өлкөнүн ички иши. Сырттан коркунуч жок. Биз коңшу катары гуманитардык жардам беришибиз зарыл», — деди ал.