Кыргыз бийлиги Түркмөнстандан газ сатып алуу үчүн сүйлөшүү жүргүзөт

Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын бийлиги менен Бишкек ЖЭБине газ жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 17-июнда парламентте айтты. Анын айтымында, Түркмөнстандан газ сатып алуу боюнча маселе өлкө башчы Садыр Жапаровдун Ашхабаддагы сапарында талкууланат. Бирок Марипов Жапаровдун Түркмөнстанга визити качан болорун ачыктаган эмес.

Белгилей кетсек, парламентте Бишкек ЖЭБин көмүрдөн жаратылыш газына өткөрүү маселеси боюнча суроо берилген. Буга чейин кыргыз өкмөтү «Газпром Кыргызстан» компаниясы менен Бишкек ЖЭБин газга өткөрүү боюнча сүйлөшүү башталганын билдирген. Бирок Мариповдун айтымында, учурда «Газпром Кыргызстан» менен сүйлөшүү токтотулганын билдирди. Буга компания жаратылыш газынын баасын жогору белгилегени себеп болгон.