Кыргыз жана казак спикерлери жолугушту. Эмне сөз болду?

Бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркестан шаарында өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин парламент жетекчилеринин I форумун утурлай Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен маалымдашты.

“Алыскы туугандан, жакынкы кошуна артык” дегендей, эзелтен эриш-аркак жашаган эгемендүү беш мамлекет бири-бирибизди колдоп, көйгөйлөрүбүздү өз алдынча чечүүгө аракет кылышыбыз кажет”, – деди Жогорку Кеңештин төрагасы.

Жолугушууда эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүн 2 миллиард долларга жеткирүү, биргелешкен өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү, Чолпон-Ата — Алматы автожолун куруу маселелери айтылды.

Өз кезегинде Маулен Ашимбаев эки элди бир туугандык мамилелер менен катар стратегиялык өнөктөштүк алака байланыштырып турарын белгилеп, Бишкектеги расмий иш сапарынын алкагында көтөрүлгөн маселелер боюнча тийиштүү жумуштар жүргүзүлүп жатканын маалымдады. Анын ичинен Казакстандын миграциялык саясатына тиешелүү мыйзам долбоорлорун кароодо кыргызстандык мигранттардын укуктук абалын эске алып, жеңилдиктерди берүү жаатында айтылган сунуштар президентке жана тийиштүү мекемелерге жеткирилип, каралып жатканын кошумчалады.

Ал эми Нурланбек Шакиев эмгек мигранттарына тиешелүү аталган маселеге өзгөчө көңүл буруп, кыргызстандыктар үчүн жеңилдиктерди берүүгө үндөдү.