15-июнда тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайтини кабыл алды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Жолугушууда тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле инвестицияларды тартуу жана туризмди өркүндөтүүдө эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты. Министрдин орун басары элчинин эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди чыңдоого кошкон жеке салымын белгилеп, кыргыз тараптын Катардын эмири шейх Тамим Аль Танинин Кыргызстанга иш сапарын эпидемиологиялык кырдаал турукташканда уюштурууга даяр экендигин билдирди.











