Кыргыз-казак чек арасына жакын жайгашкан өткөрмө пункттары салык кызматынын башкаруусуна өткөрүлөт

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесине жакын жайгашкан өткөрүү пункттары салык кызматынын ыкчам башкаруусуна өткөрүлөт. Бул туурасында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Финансы министрлигине караштуу салык кызматынын карамагына кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына жакын жайгашкан өткөрмө пунктарындагы салмак-габариттик, фитосанитардык жана ветеринардык контролду өткөрүү маселеси боюнча кеңешмеде билдирди.

Кожошев белгилегендей, Министрлер кабинетинин астында ушул жылдын жыйынтыгы боюнча консолидацияланган бюджетти – 280 миллиард сомго, 2022-жылдын соңуна дейре 400 миллиард сомго чейин жогорулатуу милдети коюлган. «Жыйынды пост» системасы 10 айдан бери иш жүргүзүүдө, ал ички чектердеги товарлардын жана транспорттук каражаттардын эсебин алуу процессин тездетти, кызыкдар мамлекеттик органдар ортосунда маалымат алмашууну камсыздап, анын сапатын жогорулатты. Ошол эле учурда «Жыйынды пост» сиситемасы бир катар көйгөйлөрдү да ачыкка чыгарды», — деди ал.

Анын айтымында, импорттоочулар республикага салык төлөөдөн качуу максатында төмөндөтүлгөн бааны көрсөтүү менен товарларды ташып кирүүнү улантууда. Иш жүзүндөгү факты менен дал келбеген коштомо кагаздары таризделүүдө. «Мисалга, ак ниетсиз ишкерлер өлкөгө алып келинип жаткан жыгачтын 1 метр кубун 1500 сомдон тариздөөдө. Чындыгында анын рыноктук наркы 22 миң сомдон башталат. Күн карама майынын 1 литрин 4 сомдон тариздешсе, анын чекене баасы 155 сомдон башталат. Мындай аракеттерден улам бюджетке залакасы тийип, ак ниет ишкерлер жабыркоодо», — деди Арзыбек Кожошев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары билдиргендей, товардык агымды башкарууну жана салык кызматынын тутумун салмак-габариттик, фитосанитардык жана ветеринардык контролдун маалыматтык тутуму менен интеграциялоону жакшыртуу максатында, бирдиктүү тармакты түзүү үчүн кыргыз-казак мамлекеттик чек арага жакын жайгашкан өткөрмө пункттары салык кызматынын ыкчам башкаруусуна өткөрүлөт.