«Кыргыз көмүр» ишканасына дагы жаңы директор дайындалды

Мирлан Жакыпов “Кыргыз көмүр” ишканасына директор болуп дайындалды, аны эмгек жамаатка энергетика жана өнөр-жай министри Доскул Бекмурзаев тааныштырды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Мирлан Жакыпов 2014-жылы ушул эле ишкананын директорунун орун басары жана директору болуп иштеген. «Жаңы дайындалган жетекчи көмүр тармагын көп жылдардан бери билет. Ал 51 жашта», — деп айтылат маалыматта.

Мирлан Жакыпов бир ай мурун директор болуп дайындалган Марат Турдубаевдин ордуна келди.