Кыргыз коргоо министри: «Казакстанда баш кесерлер жүрөт, 20дан ашуун аскерлер өлтүрүлдү»

«Казакстанда баш кесерлер жүрөт, 20дан ашуун аскерлер өлтүрүлдү». Бул тууралуу Коргоо министри Бактыбек Бекболотов бүгүн, 7-январда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.

«Кыргызстан ЖККУнун алкагында аброюн толугу менен сактап калышы керек. Биз, аскербиз, бул жактан аман чыгабызбы же жокпу, кепилдик бере албайбыз. Аскердик коалиция эл аралык келишимди аткарып жатат. Казакстанга Орусия менен Беларустун бөлүктөрү кирди. Армения учуп чыкканы жатат. Тажикстан даярдык көрүүдө. Биздин аскердик бөлүктөр да даяр турат. Кантта эки учак чечимди күтүүдө. Биз оңой жол менен барууну туура көрбөй турабыз. Ун жиберип, рахмат айтып коёлубу? Гуманитардык жардам жөнөтүү — бул саясий алсыздык. Ал жакта терроризм экени — бул тастыкталган. Баш кесерлер жүрөт. 20дан ашуун аскер кызматкерлери өлтүрүлдү. Негизинен күч түзүмдөрүн өлтүрүп жатышат», — деди министр.