Кыргыз менен казактын өкмөт башчылары телефон аркылуу сүйлөштү. Эмне тууралуу кеп болду?

Кечээ, 6-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Алихан Смаилов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда экөө Казакстанда орун алган коомдук-саясий абалды талкуулады.

Акылбек Жапаров ошондой эле бир тууган казак элине ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө, анын ичинде Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму багытындагы милдеттенмелер алкагында колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Өз кезегинде Алихан Смаилов Кыргыз Республикасына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Казакстанда орун алган окуялар келечекте кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгүнүн өнүгүүсүнө жана чыңдалышына тоскоолдук келтирбестигин белгиледи.