Кыргыз өлкөсүнүн Ооганстандагы элчилигинин кызматкери «Эрдик» медалы менен сыйланды

Кечээ, 26-февралда Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 30-декабрындагы жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Ооганстандагы элчилигинин кызматкери Нурлан Орузбаевге 2021-жылдын августунда Кыргыз жарандарын коопсуз эвакуациялоону уюштургандыгы үчүн мамлекеттик сыйлык – «Эрдик» медалын тапшырды. Бул тууралуу министрликтин маалымдашты.

Министр өз сөзүндө кызматкердин Кабулдагы мекендештердин өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келтирген курч туруксуз мезгилде өз өмүрүнө болгон коркунучтарга карабастан, маанилүү мамлекеттик тапшырманы аткарууда эрдик, күжүрмөндүк жана баатырдык көрсөтүп, 24 Кыргыз жаранын эвакуациялоо боюнча ийгиликтүү чара көргөнүн белгиледи.