Кыргыз-өзбек бизнес-форумунда 127 млн долларга келишим түзүлдү

Кыргыз-өзбек бизнес форумунун жүрүшүндө 127 миллион долларга инвестициялык жана соода келишимдери түзүлдү. Бул тууралуу Экономика жана каржы министрлигинен билдиришти.

Форум президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында өтүп жатат. Расмий бөлүктүн жүрүшүндө тараптар бири-бирине инвестициялык климат жана соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттар жөнүндө маалымдашты.

Вице-премьер-министр — экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков катышуучулардын көңүлүн эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн келечектүү багыттарына бурду. Бизнес форумга Кыргызстандын жана Өзбекстандын өнөр жай, курулуш, айыл чарба, туризм, оор, жеңил тамак-аш өнөр жайы, тоо-кен, маалыматтык технологиялар, каржы жаатындагы алдыңкы ишканалары катышты.

«Эки мамлекеттин ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыкты андан ары жөнгө салуу үчүн B2B форматындагы жолугушуу болуп өттү. Мындан тышкары, Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө, 550,4 миллион долларлык 60 долбоорду ишке ашырууну караган Жол картасына кол коюу пландаштырылууда », — деп айтылат билдирүүдө.