Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча үчүнчү жыйын соңуна чыкты

Кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу үчүнчү жыйын соңуна чыкты. Ал коңшу өлкөнүн Фергана шаарында өтүп, ага премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков баштаган чиновниктердин жоон тобу катышты.

«Өзбек тараптын кыйынчылык кырдаалда өз учурунда көрсөткөн колдоосу биздин өлкөлөр ортосундагы чыныгы бир туугандык мамилелердин күбөсү болуп саналат», — деди Новиков.

Андан соң ал эки өлкөнүн Чектеш облустар жетекчилеринин кеңеши келип чыккан маселелерди жана соода-экономикалык кызматташтыктын актуалдуу милдеттерин ыкчам чечүү үчүн мыкты платформа болуп калгандагын билдирди.

«Чек арадагы региондордун экономикалык абалын өнүктүрүү үчүн биз жашылча-жемиштерди, сүт жана эт азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү, ошондой эле курулуш материалдарын жана бал өндүрүү сыяктуу бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыра алмакпыз», — деп кошумчалады өкмөт башчынын милдетин аткаруучу.

Иш сапардын алкагында Артем Новиков Фергана шаарындагы бир катар өнөр-жай обьектилеринин иши менен таанышып чыкты.