«Кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамдаштыруу талкууланды». Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти менен сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Эки өлкөнүн лидерлери Орозо айт майрамына байланыштуу куттуктоолорун айтышып, бири-бирине чың ден соолук, мамлекеттик ишмердиктерине ийгиликтерди, эки өлкөнүн элдерине бакубатчылык жана өнүгүү каалашты. Эки тараптуу жана регионалдык кызматташтыктын башка маселелери менен катар Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуялар талкууланды.

Садыр Жапаров Шавкат Мирзийоевге ошол кездеги кырдаалга жеке өзү көңүл буруп, Кыргызстан элине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле баарлашуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы калган тилкелерди мыйзамдаштыруу маселелерин, суу-энергетика жана инвестиция жаатында кызматташуу келечегин талкуулашты.