5-7-май күндөрү Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоону уюштуруу жана укуктук маселелерин макулдашуу боюнча жолугушуусу болуп өттү.
Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик-техникалык документтердин долбоорлорун талкуулап, макулдашышты. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында Протоколго кол коюлду.
Кийинки жолугушуу Өзбекстан Республикасынын аймагында өтөт.