Кыргыз-өзбек туризм багыты боюнча достук-кызматташтык жолугушуусу жыйынтыкталды (сүрөт)

Кыргыз-өзбек туризм багыты боюнча достук-кызматташтык жолугушуусу чоң концерт менен жыйынтыкталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев жана Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров баштаган кыргыз-өзбек делегациясы Кадамжай районунун стадионунда ууз чеберлердин көл өнөрчүлүк көргөзмөсү менен таанышты. Улуттук кыргыздын боз үйү тигилип, ууз чеберлери тарабынан даярдалган көргөзмө эки облустун башчыларына жана эки тараптын делегациясына көрсөтүлдү. Көргөзмөдө кыргыздын улуттук оймо-чиймелери менен кооздолуп, күнүмдүк турмушта пайдаланылчу буюмдар коюлган. Мындан сырткары боз үйдө улуттук тамак-аштын түрлөрү даярдалган.

Андан соң Кадамжай районундагы стадионунда эл жылуу күтүп алды. Алгач Абдикарим Алимбаев жана Хайрулло Бозаров калың эл менен саламдашып, бүгүнкү туризм тармагы боюнча достук жолугушуу өз максатына жеткенин айтып, мындан ары эки элдин достугун чыңдоого бүт аракетин жумшап, достук кызматташтык, карым-катнаштык иш чаралары байма-бай өткөрүлүп турарын баса белгилешти. Баткен жана Фергана облустарынын туризм тармагындагы достук-кызматташтык жолугушуусу эки өлкөнүн белгилүү кыргыз жана өзбек Эл артисттери жана эстрада жылдыздары тарабынан чоң программадагы концерти менен жыйынтыкталды.