Кыргыз-тажик чек арадагы жаңжал. Жабыркаган айылдарга казынадан 1,3 миллиард сом бөлүнгөн

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган айылдарды калыбына келтирүүгө мамлекеттик казынадан 1,3 миллиард сом бөлүнгөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, жаңжалда курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө казынадан 36 миллион сом бөлүнгөн. Жабыркаган ишкерлерге жардам көрсөтүүгө 15,2 миллион сом бюджеттик кредит берилди жана жабыркаган ишкерлерге келтирилген зыяндын ордун толтурууга бир жолку компенсация төлөөгө 14,5 миллион сом бөлүндү.

«Бюджеттин эсебинен Баткен жана Лейлек райондорунда 2 билим берүү жана 1 саламаттык сактоо мекемесин тез арада капиталдык оңдоп-түзөө иштерин аягына чыгардык. Учурда 3 мектеп, 3 бала бакча, 7 автомобиль жолун куруу иштери активдүү жүрүп жатат. Ата мекендик компаниялардын жардамы менен курман болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн 36 заманбап үй курулду. Түркиялык инвесторлору жана биздин өзүбүздүн балдардын колдоосу менен Лейлек районунда 100 үйдүн курулушу аяктады жана Баткен районунда 40 үй курулуп бүттү. Баары үйлөрүнө кирди. “Ас-Сафа борбору” коомдук бирикмеси менен биргеликте Лейлек жана Баткен райондорунда 4 саламаттык сактоо мекемесинин курулушу, жеңил жабыркаган 5 үйдү оңдоо-түзөө иштери аяктады. Ошондой эле, Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Керме-Тоо участогуна таза суу тартуу иштери толук аягына чыгарылды», — деди президент.