Бүгүн, 27-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмас Абытов кыргыз-тажик чек арасы боюнча бир келишим, эки макулдашуу бар экенин айтып, комитеттер кезексиз отурум жасап бериши керектигин айтты.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу белгилегендей, келишимдер адегенде бардык комитеттерде бир убакта каралат. Андан соң документ парламентке чыгарылат.
Бул маселе боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынында баяндама жасап жатат.










