Жума, 13.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

“Кыргыз-тажик чек арасы кайсы тараптын пайдасына чечилди?”. Садыр Жапаровдун жообу

10:00 28.01.2025
0
“Кыргыз-тажик чек арасы кайсы тараптын пайдасына чечилди?”. Садыр Жапаровдун жообу

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине чакан маек куруп, кыргыз-тажик чек арасы кандай шарттарда чечилгенин, шахматтын доскасы сыяктуу жайгашкан үйлөрдүн тагдыры кандай болору тууралуу айтып берди.

— Өткөн жылдын соңунда кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери толук бүткөнү тууралуу маалымат чыгып, бул кабарды көпчүлүк кубануу менен кабыл алышкан. Кечээ эле Баткендеги чек арага тарапташ Карабак айылынын тургуну бул кабар эки жыл туугандарыныкында жүргөн жакындарын үйүнө алып келүүсүнө себеп болгонун “Азаттык” радиосуна билдирген. Ал акыркы чек ара жаңжалынан кийин эки жылдан бери айылда жалгыз жашап келгенин, “чек ара такталды” делгенден кийин көпчүлүк кооптонбой калганын, айылдарга кайтып келип жатканын, кадыресе турмуш калыбына келгенин айтат. Ошол эле учурда жергиликтүү кеңештин төрагасы Акылбек Дилшатов да элеттиктерде илгери үмүт пайда болгонун, бирок чек ара маселеси кандай чечилгени боюнча маалымат жоктугун билдирген. Ушуга байланыштуу, кыргыз-тажик чек арасы кандай шарттар менен кайсы тараптын пайдасына чечилгени боюнча айтып берсеңиз?

— Чек ара маселеси дээрлик бүтүп калды. Эки тараптуу кагаз иштери жүрүп жатат. Кагаз иштери бүткөндөн кийин өкмөттөр аралык комиссиялар кол коюшат. Андан кийин тышкы иштер министрлери кол коюшат. Андан соң эки өлкөнүн парламенттеринен ратификациядан өтөт. Ратификациядан өткөндөн кийин эки президент кол коёбуз. Андан кийин нота алмашуу болот. Андан соң дагы 1-2 жыл демаркация иштери жүрөт. Ошондон кийин гана толук бүтөт. Эң негизгиси, эки тараптуу макулдашууга жетиштик.

“Кайсы тараптын пайдасына чечилди?” деген сурооңузга жообум мындай: эки өлкөнүн ортосунда чек ара маселеси чечилип жаткан жерде бир тараптуу кызыкчылык өтпөйт. Сөзсүз түрдө эки тараптын тең кызыкчылыгы камтылган кезде маселе чечилет. Миң километрге жакын чек ара тилкебиз бар. Ошол тилкелердин көптөгөн жерлеринде талаш-тартыш жерлер болгон. Алардын баарын теңме-тең чечкен учурлар болду. Андан сырткары чектеш айылдарыбызда шахматтын доскасы сыяктуу жайгашып калган үйлөр бар. Аларды да түздөп сыздык. Антпесек чек ара кайтарууда эки тарапка тең абдан ыңгайсыздык жаратат. Эгер биз тарапка өтүп калган Тажикстандын үйлөрү болсо, тажик тарап аларды көчүрүп кетет, эгер биздин тажик тарапка өтүп калган үйлөрүбүз болсо, биз көчүрүп кетебиз. Башка жерге үй салып беребиз. Жер аянттарынын көлөмүн да эске алдык.

Кыскасы, ар бир огороддун бир метр жерин эсепке алуу менен маселелер чечилди. Демаркация иштери жүрө баштаганда, толук маалымат алышат. Кыскасы, ар бир огороддун бир метр жерин эсепке алуу менен маселелер чечилди. Демаркация иштери жүрө баштаганда, толук маалымат алышат.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Президент депутаттар менен бир катар социалдык-экономикалык маселелерди талкуулады

Президент депутаттар менен бир катар социалдык-экономикалык маселелерди талкуулады

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:59 11.03.2026
0

Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти. Ант берүү аземинен кийин президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, парламенттин...

Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Садыр Жапаровдун Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуусу (толугу менен)

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:38 11.03.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта парламенттин жыйынында Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышып, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасады....

Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:18 11.03.2026
0

Бүгүн, 11-мартта президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземи болуп өттү. Ант бергендер:...

Канатбек Чыныбаевди Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси тармактык комитетте каралды

Канатбек Чыныбаевди Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси тармактык комитетте каралды

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:19 11.03.2026
0

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет кезексиз жыйын өткөрүп, Канатбек Чыныбаевди Өзгөчө...

Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду

Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:14 10.03.2026
0

Өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов ээлеген кызматынан бошотулду. “Кызматка дайындалганына бир ай боло электе эмнеге иштен кетирип жатышат? Бул жогорку...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор… ИИМ журналист камакка алынганын билдирди

Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор... ИИМ журналист камакка алынганын билдирди

09:27 12.03.2026
БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

17:02 12.03.2026
«УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан». Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды

"УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан". Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды

09:37 12.03.2026
БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

17:02 12.03.2026
Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

10:15 12.03.2026
Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

09:42 12.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү