Кыргыз-тажик чек арасын такташуу боюнча протоколго кол коюлду (видео)

Бүгүн, 2-май түнкү саат 3:00дө кыргыз-тажик мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жолугушуусу жыйынтыкталып, бирдиктүү протоколго кол коюлду.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кеңешмеси Баткен шаарында болуп өттү. Делегацияларды Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеди.