Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды депутаттар жабык эшик артында карап жатышат

Бүгүн, 17-майдагы Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында «Кумтөргө» байланышкан жана кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал талкууланмак. Депутаттар алтын кенине сырттан башкаруу киргизүү боюнча токтом долбоорду дээрлик 7 саат талкуулашты. Токтом долбоор колдоо таап, Министрлер кабинетине жөнөтүлгөн соң, күн тартибиндеги экинчи  маселени карамак. Бирок эл өкүлдөрүнүн добуш берүүсү менен бул маселе жабыш эшик артында каралмай болду.