Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча Сооронбай Жээнбеков үн катты

Азыр бардыгыбыздын жүрөгүбүз Баткенде болуп жаткан окуялардан улам канталап турат. Кайтыш болгон мекендештердин бейишин тилейбиз. Алардын жакындарына көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз. Бул тууралуу экс-президент Сооронбай Жээнбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, азыр чагымчылдыктын эмес, биримдикти баарынан жогору коё турган мезгил.

«Жараат алган мекендештер тезинен сакайып, айыгып кетсин. Азыр чагымчылдыкка алдырбай, биримдикти баарынан жогору коё турган учур болуп турат. Эл кайгысынын арты менен өз атын чыгарчу мезгил эмес. Мамлекетибиздин жетекчилигинин, чек арачыларыбыздын, күч органдарынын, Баткендеги мекендештерибиздин аракетин жапырт колдойлу! Чыр-чатакка эмне себеп болгонун иликтегенге убакыт болот. Азыр элди козутпайлы. Биздин жарандык негизги колдообуз — мына ушул», — деп жазды ал.