Кыргыз-тажик макулдашуусунда кабыл алынган чечимдер

Бүгүн, 1-майда Кызыл-Бел — Гулистон өткөрүү пунктунда Кыргызстан менен Тажикстандын Коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Эки тараптуу макулдашуунун жыйынтыгында кабыл алынган 4 пункттуу протоколдо төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

  1. Кыргыз Республикасынын убактысы боюнча саат 15:00дөн тартып аскерлерге (күчтөргө) кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык участкаларында ок атышпоо режими жөнүндө маалымдап, аскерлерди (күчтөрдү) туруктуу жайгашкан жерлерине алып кетүүнү баштоо.
  2. Аскерлердин (курал-жарак жана аскердик техниканын) туруктуу жайгашкан жерлерине алып кетүүсүн көзөмөлдөө үчүн эки тараптан 3 адамдан турган жумушчу топту түзүү.
  3. Келип түшкөн маалыматтарды (дезинформацияны) текшерүү үчүн эки тараптан 3 адамдан турган текшерүү тобун түзүү жана эгер ал тастыкталса, курал-жарактарды жана аскердик техникаларды алып кетүүнү уюштуруу жана тараптарды туруктуу жайгаштыруу пункттарына чейин узатуу.
  4. Биргелешкен жумушчу топтун иши 2-майда саат 08:00дө башталат.