Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кеңешмеси өттү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун төрагалыгы астында Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги кеңешмеси болуп өттү.

Кеңешменини жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду. Тараптар кийинки кеңешмени Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашышты. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү манаайында өткөн.