«Кыргыз тилин уят кылбаңыз». Депутаттар Улуттук банктын төрагасынын орун басарын сынга алышты

«Кыргыз тилин уят кылбаңыз». Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта фракциялык жыйында айрым депутаттар Улуттук банктын төрагасынын орун басарына карата билдиришти.

«Кыргыз тилин уят кылбай, уруксат сурап эле орусча окусаңыз болмок. Сүйлөп жаткандагы кемчиликтер өзүңүзгө билинбесе, бул жактагы адамдарга туура эмес болуп калат экен. Окуй турган маалыматыңызды таратып эле берип коюңузчу», — деди депутат Кундуз Сулайманов.

Депутат Нурлан Шакиев да жогорудагы кесиптешинин сөзүн улады. «Жыйындарга келгенде даярданып келиш керек. Бул жерде орусча сүйлөп, доклад кылуунун кереги жок. Биздин шайлоочулардын 90 пайызы кыргыздар, алар сизди түшүнбөйт. Анан силер керек болсо, кагаздан да окуй албай жатасыңар», — деди ал.

«Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында сүткорлукту чектөө багытталган мыйзамдын аткарылышы тууралуу талкууланды. Анда Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов доклад окуп, маалымат берди. Ал депутаттарга кыргыз тилин үйрөнүүнү жакшыртарын айтты.