Кыргыз жана Өзбек тышкы иштер министрлери жолугушту

Ташкентте Кыргыз жана Өзбек тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Абдулазиз Камилов чек араны тактоо процесси аягына чыгып калуусуна байланыштуу маселелерди талкуулашты. Андан тышкары кыргыз министри коңшу өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов да кабыл алды. Жолугушууларда Казакбаев президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун атынан өзбек тарапка ыраазычылык билдирди. Коңшу өлкөнүн өкмөт башчысы Арипов Жапаров премьер-министр болгондо куттуктоо жөнөткөн болчу. Баса белгилей кетүү керек, азырынча бул расмий жалгыз куттуктоо.

Казакбаев менен Арипов саясий, экономикалык, маданий жана суу-энергетика тармагындагы кызматташтыкты талкуулады. Ошондой эле «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол долбоорунун маанисин белгилешип, чек ара аймактарындагы логистикалык борборлордун курулушу жана гидроэнергетикалык тармактагы долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө сүйлөштү. Абдулла Арипов Өзбекстан Кыргыз өлкөсүндөгү реформаларды колдоого, экономиканы өнүгүшүүгө көмөктөшүү үчүн техникалык-каржылык жактан жардам берүүгө жана коронавирус илдети менен күрөшүүгө жардам берүүгө даяр экенин билдирди.