“Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси кызматынан кетти

«Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун төрагасы Алмаз Алимбеков кызматтан кетүү чечимин кабыл алганы маалым болду. Маалыматты аталган ишканадан тастыкташты.

Алмаз Алимбеков аталган ишкананы 2015-жылдан тартып жетектеп келген.

Эске салсак, буга чейин бир катар жарандар “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчисин кызматтан алуу талабы менен митингге чыгып, президенттик милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Садыр Жапаровго кайрылышкан. Алар “Кыргызалтын” ишканасында бир катар мыйзамдар бузулуп келе жатканын айтып, ага жетекчиликтин тиешеси бар экенин билдиришкен.