«Кыргыз алтын» ишканасын Маратбек Чолпонкулов жетектемей болду

«Кыргыз алтын» ишканасына Маратбек Чолпонкулов жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан ырасташты.

Маалыматка ылайык, жаңы жетекчи ишкананын директорлор кеңеши тарабынан дайындалып, жалпы жамаатка тааныштырылган. Буга чейин Чолпонкулов өкмөт аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

Ал эми «Кыргыз алтындын» мурдагы башчысы Элмырза Укубаев февраль айында УКМК тарабынан «пара талап кылуу жана пара алуу» фактысы боюнча кармалган. Анда Укубаев алтын өндүрүүчү компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүн кызматтан алам деп коркутуп, эмгек акысынын бир бөлүгүн берүүнү талап кылганы айтылган. Мындан улам аны 13-февралда Биринчи май райондук соту 12-апрелге чейин камакка алган.