«Кыргызча сүйлөй алгандарды баалап». Акаев төраганын кыргыз тилинде баяндама жасоо талабын туура койгонун айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жыйында кыргыз тилинде баяндама жасоо талабын койгону туура болду. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев билдирди.

«Министрлер кабинетинин мүчөлөрү эми Жогорку Кеңешке барганда кыргызча жакшы сүйлөй алчу орун басарларды баалап, иш кагаздарга да олуттуу көңүл буруп башташканын бүгүн уктум. Мамлекеттик чоң кызматтагыларга кыргыз тилинде мыкты сүйлөй алганы артыкчылык катары бааланып баштаганына сүйүнөбүзбү, күйүнөбүзбү билбейм. Көп тил билсе абдан жакшы, бирок баары бир өз тилибизде түш жорушубуз керек деп балдарыма айтайын деп ойлонуп баратам», — деп жазды ал.