«Кыргызстан Баткенден башталат». Садыр Жапаров бардык аракет Баткенди өнүктүрүүгө багытталганын билдирди

Президент Садыр Жапаров кечээ, 20-мартта Нооруз майрамына карата бир тонна салттуу сүмөлөк даярдалып жаткан Баткен шаарынын борбордук стадионуна пландан тышкары барды. Мамлекет башчысы салтка ылайык, каалоо-тилектерин айтуу менен сүмөлөк даярдалып жаткан казанды аралаштырды.

Садыр Жапаров төкмө акындардын ырын угуп, Баткен облусунун тургундарынын алдында сөз сүйлөдү. Ал чогулгандарды жазгы күн менен түн теңелген Нооруз майрамы менен куттуктап, Баткен облусунун элине ийгилик, бакубатчылык, токчулук жана тынчтык каалады. “Кыргызстан Баткенден башталат” деген мамлекет башчысы Исфана шаарынын атын Раззаков шаары деп өзгөртүү жана өзү кошо катышып жаткан Нооруз майрамын белгилөөгө байланыштуу иш-чаралар Баткен облусунун гүлдөп-өнүгүүсүнө дем берүү максатында өткөрүлүп жатканын кошумчалады.

Президент төкмө акындардын өнөрүнө көңүл бөлүп, кыргыздар эзелтен кол өнөрчүлөрдү, манасчыларды жана акындарды баалап, урматтап келгенин белгиледи. “Биз аларга шарттарды түзүп жатабыз, муну мындан ары дагы улантабыз”, — деди ал.

Мамлекет башчысы Баткен облусу өзгөчө макам алганын жана анын тургундары белгилүү бир жеңилдиктерге ээ болгонун эске салды. “Мамлекеттин бардык аракети, мүмкүнчүлүктөрү Баткенди өнүктүрүүгө багытталган”, — деген президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундарды дагы бир жолу Нооруз майрамы менен куттуктады.

Бүгүн, 21-мартта Баткен шаарынын борбордук стадионунда Нооруз майрамына карата негизги иш-чаралар өтөт.