Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы депутаттык мандаттарынан кол жууду

Бүгүн, 4-майда Жогорку Сот Кыргызстан элдик-демократиялык партиясынын административдик соттун чечимине каршы кассациялык даттануусун карады. Анын жыйынтыгында Жогорку Сот аталган партиянын өтүнүчүн канааттандырган жок. Тактап айтканда, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Кыргызстан элдик-демократиялык партиясын шайлоодон четтетүү тууралуу чечими өзгөргөн жок.

Буга чейин БШК Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын аталган партияны шайлоодон четтетүү тууралуу чечимин колдогон. Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы добуш сатып алууга айыпталган. Андан кийин аталган партия БШКнын жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдерине каршы Бишкек шаардык административдик сотуна даттанган. Бирок сот партиянын өтүнүчүн канааттандырган эмес. Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча 8 депутаттык мандатка ээ болгону жарыяланган болчу.