Кыргызстан менен Европалык союздун ортосундагы кызматташтык боюнча жыйын өттү

4-июнда Кыргыз Республикасы – Европа Биримдиги Кызматташтык кеңешинин 18-жыйыны видеобайланыш аркылуу өттү. Кыргыз тарабын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, ал эми Европа тарабын Португалиянынтышкы иштер министри, учурда Европа Биримдигине төрагалык кылып жаткан Аугушто Сантуш Силва жетектеди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтык маселелери, анын ичинде Covid-19 пандемиясынын контекстинде ишенимдүү шартта талкууланды. Жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги саясий байланыштарга, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюуга көңүл бурулду. 2021-жылы Бишкекте Европа Биримдиги – Борбордук Азия Биринчи экономикалык форумун уюштуруунун жана өткөрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын бардык спектрин, анын ичинде Европа Биримдигинин 2021-2027-жылдарга карата Көп жылдык индикативдик программанын жана Аймактык индикативдик программасынын алкагында мындан ары да өнүктүрүүгө даярдыгын жана кызыкдар экендигин билдиришти.